ЖМК: Таразда полиция департаментинин башчысы өз жанын кыйды

  • 2 года мурун

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Тараз шаарында жергиликтүү полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейменов өз жанын кыйганы тууралуу жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы нааразычылык акцияларынын фонунда Сулейменовго карата кылмыш иши козголуп, камакка алуу коркунучу болгон.

«ИИМден генерал Жанат Сулейменовдун өлүмүн тастыкташты», — деп жазат ЖМКлар.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

5-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин башкара турган болду.  

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) экс-төрагасы Карим Масимов мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды.

Казакстан ИИМинин 6-январдагы маалыматы боюнча, күч структураларынын арасынан 18 адам каза таап, 748 аскер жабыркаган.

Казакстан саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, митингдерде миңден ашык киши жабыркаган.

10-январь — Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты