Алардын көбү 19-20 жаштарда болгон. Казакстанда бүгүн — аза күтүү күнү

Бүгүн, 25-сентябрда, Казакстанда аза күтүү күнү. Каспий деңизинде машыгуу учурунда 17 жоокерди толкун тартып, сууга чөгүп кеткен. Соңку маалыматтар боюнча, алардын 14 ү каза таап, үчөө куткарылган. Алардын баары 19-20 жаштардагы жигиттер болгон, аскердик кызматтарын өтөп бүтүүгө айрымдарына бир нече жума гана калган.

Кайгылуу окуя кечээ, 24-сентябрда болгон. Аскердик машыгуу маалында аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу шамал жүрүп, жоокерлерди Каспий деңизине чөгүп кетишкен.

Жоокерлердин курман болушуна күнөөлүү жооптуу кызмат адамдары аныкталганын Казакстандын башкы прокуратурасы билдирди. Аскердик машыгуунун өткөрүүгө жооптуу адамдардын тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана аба ырайына карап иш алып барбаганы, жоокерлердин коопсуздугу кам көрбөгөнү себеп болушу ыктымалдыгы айтылды.

Казакстандын ички иштер министрлиги окуяга күнөөлүү делген беш адам кармалганын жана алар Актау убактылуу кармоочу жайына камалганын кабарлады.  

Президент Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм” деп айтылат телеграммада.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты