Казакстанда нааразылыктан кийин 4 миңден ашык киши кармалды

  • 2 года мурун

Казакстандын ички иштер министрлиги нааразылыктардан кийин  4 миң 200 дөн ашык кишини кармады.

Бул тууралуу Казакстандын ИИМинин кырдаалдык борбору билдирди.

Кармалгандардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар экени айтылды, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экени ачыкталган жок.  

“Полиция органдарына 4 миң 266 киши алынып келинди. Кармалгандардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Алматы облусунун бир айылынан 100дөн ашык киши кармалды. Болжолдуу маалыматтар боюнча алар коңшу өлкөнүн жарандары”  деп айтылат билдирүүдө.  

Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду.

Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

6-январга караган түнү Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады. Алматыда «антитеррордук операция» жүрүп жатканы кабарланууда.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилген. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты