Казакстандын Алматы облусунда өзгөчө абал киргизилди

  • 2 года мурун

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы облусуна өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды.

Өзгөчө абал 2022-жылдын 5-январынан 19-январга чейин киргизилди.

Коменданттык саат 23төн эртең мененки саат 8ге чейин созулат.

Буга чейин  Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизилген.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн кетишин жана башка саясий талаптарды айтып жатышканы кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты