Казакстанда жогорку кызмат адамдары жумуштан алынды  

  • 2 года мурун

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев президенттик админстрациянын жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеуну коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындады.

Мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаев кызматтан кетти. Анын ордуна Токаевдин жардамчысы Ерлан Карин келди. Буга чейин  Казакстан өкмөтү отставкага кетирилди.  

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Өкмөт отставкага кеткенине карабай айрым оппозиция өкүлдөрү Казакстанда нааразычылык акциясын улантууга чакырып жатышат.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.

Бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов күч түзүмдөрүн акцияга чыккандарга кол көтөрбөөгө чакырды.

Президент Касым-Жомарт Токаев экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка үндөгөн.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты