Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Алматыда өзгөчө абал киргизилди

  • 2 года мурун

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Өзгөчө абал 5-январь 1:30дан баштап, 19-январь түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Атайын режим коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту, тартипти калыбына келтирүү максатында киргизилип жатканы маалымдалды.

Мурдараак Касым-Жомарт Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен.

Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн кетишин жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү Казакстандын айрым шаарларында акцияга чыккандар тарабай турду. Айрым жерлерде полиция менен чогулгандар кагылыш. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгону белгилүү болду. Бир нече жерде полициянын машинеси өрттөлүп, талкаланганы тууралуу видеолор тарап жатат.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды.

Казакстандын өкмөтү отставкага кетирилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты