Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү жыйынтыкталды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 18-сентябрда Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 15–18-сентябрь күндөрү өткөн Казак медицинасынын күндөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынтыктоочу иш-чарага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Казакстан саламаттык сактоо боюнча вице-министри Манас Рамазанов, Казакстандын элчиси Абылкаир Скаков, ошондой эле эки өлкөнүн медициналык уюмдарынын, илимий борборлорунун жана медициналык жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышты.
Бул күндөрү Кыргызстандын жана Казакстандын алдыңкы адистери биргелешкен операцияларды, клиникалык консультацияларды, мастер-класстарды, илимий-практикалык сессияларды жана билим берүү иш-чараларын өткөрүштү.
Иш-чаралар кардиология жана кардиохирургия, онкология, балдар медицинасы, травматология жана ортопедия, акушердик жана гинекология, офтальмология, реабилитация жана башка багыттарды камтыды.
15–18-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Казак медицинасынын күндөрү өттү. Бул Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири кесиптик иш-чара.
Иш-чараларга Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышты. Төрт күндүн ичинде академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана башка медициналык мекемелерде лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар, бейтаптарга консультациялар жана биргелешкен операция жасалды.
Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги




