Казакстандын Караганда облусундагы жол кырсыгында Кыргызстандын эки жараны каза тапты, бирөө жаракат алды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Тышкы иштер министрлиги 17-августта Казакстандын Караганда облусунун Шет районунун аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталганын маалымдады.
“Кырсыктын кесепетинен И.А.А. аттуу 1966-жылы туулган Кыргыз Республикасынын бир жараны жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда ал аталган медициналык мекемеде дарыланууда. Ал эми 1963-жылы туулган И.Г.В. жана 1974-жылы туулган Е.Е.Ю. аттуу Кыргызстандын дагы эки жараны алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдардын жакы туугандары алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып кетүү үчүн алып чыгышкан. Аталган факты боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.
Кыргызтандын Казакстандагы элчилиги каза болгондордун жана жабыркаган жарандын жакын туугандары, медициналык мекеме, ошондой эле Казакстандын компетенттүү органдары менен байланышта болуп, зарыл консулдук-укуктук көмөк көрсөтүп жаткан белгиленди.
Маселе министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




