Кыргызстанда казак медицинасынын күндөрү өтөт

15–18-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири кесиптик иш-чара.

Иш-чараларга Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышат. Төрт күндүн ичинде академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана башка медициналык мекемелерде лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар, бейтаптарга консультациялар жана биргелешкен операция жасалат.

Программа кардиология жана кардиохирургия, онкология, педиатрия, балдар хирургиясы жана ортопедия, нейрохирургия, акушердик жана гинекология, медициналык генетика, реабилитация, лабораториялык диагностика жана саламаттык сактоону санариптештирүү сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт.

Өзгөчө көңүл практикалык тажрыйба алмашууга бурулат. Программанын алкагында заманбап дарылоо ыкмалары боюнча көрсөтмөлүү операциялар жана мастер-класстар, анын ичинде татаал кардиохирургиялык жана интервенциялык кийлигишүүлөр өткөрүлөт.

Мындан тышкары, 15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иш алып барат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты