Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти

  • 2 года мурун

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин башкара турганын жана болушунча катуу аракет кыларын телевидение аркылуу элге кайрылуусунда билдирди.

“Мен тарабынан көрүлгөн чаралардын бардыгы көп улуттуу Казакстандын жыргалчылыгына багытталган. Бирок бул чаралар жетишсиз” деп билдирди ал.

Токаев демонстранттарды “заговорчулар”, ”бейбаш элементтер” деп атады.

“Эмнеси болсо да, мен борбор шаарды таштап чыгып кетпейм. Эл менен бирге болуу менин Конституциялык милдетим. Биз бирге Казакстан тарыхында бул кара тилкени жеңип чыгабыз. Күчтүү болуп чыгабыз” деп билдирди Касым-Жомарт Токаев.    

6-январда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өзгөчө абал жарыяланды. 5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты