Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору: Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү

21–23-сентябрда Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн тышкы иштер, энергетика, каржы, суу ресурстары жана башка тиешелүү тармактардагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан делегациясын энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов, Казакстан делегациясын Суу ресурстары жана ирригация боюнча биринчи вице-министри Нурлан Алдамжаров, Өзбекстан делегациясын энергетика министринин биринчи орун басары Умид Мамадаминов жетектеди.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышты.

Алматы шаарында өткөн үчүнчү раунддун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулоону улантышты. Анда долбоорду биргелешип ишке ашыруу жана башкаруу механизмдери, аны каржылоого карата ыкмалар, ошондой эле үч өлкөнүн мындан аркы координациясы боюнча маселелер каралды.

Өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору боюнча биринчи раунддагы сүйлөшүүлөр Бишкек шаарында 2026-жылдын 31-марты – 2-апрелинде, экинчи раунд Ташкент шаарында 2026-жылдын 28–30-апрелинде өткөн.

Үчүнчү раунддун Алматы шаарында өткөрүлүшү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын долбоорду биргелешип ишке ашыруунун негизги шарттарын макулдашуу боюнча ырааттуу иштеринин кезектеги этабы болуп саналат.

Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлорунун бири болот. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 1 860 МВт, ал эми электр энергиясын орточо жылдык өндүрүүсү болжол менен 6 млрд кВт·саатты түзөт.

Иллюстрациядык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты