10-январь — Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

  • 2 года мурун

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Казакстандын мамлекет башчысынынын басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбук баракчасында билдирди.  

Аза күтүү күнү Казакстандагы башаламандыктан улам курман болгондорго байланыштуу кабыл алынды.    

-январда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өзгөчө абал жарыяланды. 5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

Алматыда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду.

Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

Сүрөт: AP-ТАСС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты