Жапаров ТМУ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине Казакстанга барды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, иш сапары менен Казакстанга барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Мамлекет башчынын учагы Түркстан шаарындагы Хазрет Султан атындагы эл аралык аэропортко конду. Жапаровду Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторунда ТМУга мүчө-мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Саммиттин ишине ТМУга мүчө-мамлекеттердин: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун Башкы катчысы катышмакчы.

Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү” темасы талкууланакчы. Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулат, анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү долбоорлору бар.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты