Жакынкы Чыгыштагы кырдаал: Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги маалымат берди

  • 4 месяца мурун

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактар аркылуу маалыматтык билдирүү жасады.

-Ар бир жараныбыз, Сауд Аравиясындагы жарандарыбыз, Умрага баргандар менен байланыштабыз. Бүгүнкү күндө штаб түзүлгөн, оперативдүү иш-чаралар боюнча муфтият менен, Улуттук Дин агенттиги, Умра компаниялары менен атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары Бахрейндеги биздин 35 жараныбыз кайрылды. Алар менен да күндүр-түндүр байланыштабыз. Кандайдыр кооптуу абал өзгөрүлүп кетсе, алар боюнча да чараларды көрүүгө даярдык көрүп жатабыз,-деди элчи Марипов.

Элчи ошондой эле Сауд Аравиясындагы аба каттамы тууралуу буларды билдирди:

-Авиа каттамдар боюнча айта кетейин. Сауд Аравиясында салыштырмалуу аэропорттор туруктуу иштеп жатат, кошуна өлкөлөрдө аэропорттор жабылды, Бирок Сауд Аравиянын да ички каттамдары жакшы иштеп жатат, сыртта болсо өздөрүнүн компаниясы да учуп жатат. Ал эми сырттан учуп келген бир топ компаниялардын авиакаттамдары кыскарды,-деди элчи.  

-Биздин түз байланышыбыз: ыкчам номер +996 583769945. Негизинен салыштырмалуу Сауд Аравиясындагы абал туруктуу, биз жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып жатабыз. Кырдаал боюнча саат сайын мониторинг жүргүзүп жатабыз. Кырдаал, кандайдыр башка жакка өзгөрүп кетсе, жарандарыбыз менен биз ыкчам түрдө маалыматтарды берип, жарандарыбызга тиешелүү чараларды көрөбүз,-деди Улукбек Марипов.   

Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү өткөрдү. Анда Жакынкы Чыгыш аэропортторунда калып калган Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселеси да талкууланды.  

Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн (БАЭ) Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтыкты сактоону жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын камкорчулар корпусу тастыктады.

Интернет булактарында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга кете албай жатканын жазышууда.

Сүрөттө: Элчи Улукбек Марипов. gov.kg

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты