Бишкектеги хореографиялык окуу жайындагы кырдаалды комиссия кароодо

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан төзүлгөн комисси Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында түзүлгөн кырдаалды карап жатат.

Окуу жайда орун алган жагдайды объективдүү иликтөө максатында министрлик тарабынан тиешелүү комиссия түзүлдү. Учурда комиссия кайрылууларды жана анда айтылган жагдайларды  карап, тиешелүү материалдарды изилдөөдө.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде министрлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бул маселе Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин көзөмөлүндө.

Буга чейин хореографиялык окуу жайдын жетекчилиги кызматкерлерди кысымга алып, бир катарын кызматтан бошоткону боюнча мурдагы жана азыркы окутуучулар жамааты тарабынан нааразылыктар айтылып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты