Иранга чабуулдан кийин 200дөн ашык адам каза тапканы айтылды

  • 1 неделя мурун

АКШнын жана Израилдин Иранга чабуулунан кийин кеминде 201 киши каза таап, 747 киши жаракат алды. Бул тууралуу Ирандын Tasnim агенттиги «Кызыл жарым ай” коомунун өкүлүнүн айтканын билдирди.

Израил жана Американын күчтөрү Ирандын 24 провинциясына чабуул койду.   

Бүгүн, 28-февралда, АКШ жана Израил Иранга сокку урду. Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн. Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду.

Израилде өзгөчө абал жарыяланды.

Иран жана Израил жана башка бир катар өлкөлөр аба мейкинин жапты. Дубайдагы ири аэропорт ишин токтотту.

Франциянын президенти Макрон БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шашылыш жыйынын чакырды.

Сүрөттө: Иран. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты