Израил Иранга сокку урду
- 1 неделя мурун
Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Маалыматтарга караганда, Израиль аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Өлкөдө ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу жооп кайтаруу коркунучу күтүлүүдө.
Иран тараптан алынган маалыматтарда Тегеран шаарындагы Университет көчөсү жана Жомхури району соккуга кабылганы айтылууда. Жалпы 30га жакын объект бутага алынганы, алардын ичинде президенттин резиденциясы жана Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин жайы болушу мүмкүн экени кабарланууда.
Израилдик маалымат каражаттары Иран президенти Масуд Пезешкианга кол салуу аракети жасалган болушу мүмкүн экенин жазышууда. Бирок анын абалы жана кайда экени тууралуу расмий маалымат чыга элек.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




