Иранды Убактылуу кеңеш башкарат

  • 2 месяца мурун

Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын камкорчулар корпусу тастыктады.

86 жаштагы руханий башчынын сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды.

Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.

Израилдин Коргоо министри Исраэл Кац Хаменеи израилдик операциянын биринчи күнү башка жогорку кызматтагы адамдар менен кошо өлтүрүлгөнүн билдирди. Али Хаменеи туулган Мешхеддеги имам Реза мечитинде аза желеги илинди. Ирандын аянттарында жана мечиттеринде миңдеген адамдар чогулуп, аза күтүүдө.  

АКШнын президенти Дональд Трамп эми Иран менен сүйлөшүү жеңил болорун билдирди. Ал бир нече жакшы талапкер бар экенин айтып, бирок атын атаган эмес.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды.  Анан кийин бул кабар расмий тастыкталды.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди. Ал Truth социалдык тармагына жарыялаган видеосунда Кошмо Штаттар ракеталык соккуларга түздөн-түз катышып жатканын ырастады.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды.

АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

АКШнын жана Израилдин соккуларына жооп катары Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө сокку урду. Бул тууралуу Reuters агенттиги 1-мартка караган түнү билдирди.

Маалымат боюнча, Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында жана Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.  

Дубайда айтылуу Бурж-аль-Араб мейманканасы, Дубай эл аралык аэропорту, Бахрейнде Crowne Plaza Manama мейманканасы соккуга дуушар болду.

Сүрөт: Ирандагы аза күтүү. ISNA    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты