ТИМ Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздук чараларын сактоого чакырды  

  • 1 неделя мурун

Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн (БАЭ) Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтыкты сактоону жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт.

“КР Тышкы иштер министрлиги БАЭнин жергиликтүү бийлик органдарынын (Ички иштер министрлиги жана башка компетенттүү органдар) расмий билдирүүлөрүнө көз салып, ишенимдүү маалыматка гана таянууну суранабыз. Ошондой эле текшерилбеген маалыматты таратпоону өтүнөбүз” деп айтылат билдирүүдө.  

Маалыматта айтылгандай, министрлик БАЭнин компетенттүү органдары тарабынан жарандарды мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырууну узартуу, ошондой эле каттамдардын жокко чыгарылышына жана жылдырылышына байланыштуу чыгарып жибербөө чечими кабыл алынгандыгын билдирет. 

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына мейманканаларда калуу жана бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүү, КРнын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманканалардын администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат.

Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.

БАЭде «жабык асман» режими киргизилгендиктен, унаа жолдору менен үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароону жана компетенттүү органдардын расмий маалыматын милдеттүү түрдө көзөмөлдөөнү суранабыз. 

ТИМ БАЭнин аймагында жүргөн КР жарандары тууралуу ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана актуалдуу маалыматты түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Элчилигине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүп, өзүңүздүн жүргөн жериңиз жөнүндө билдирүүнү суранат: Аты-жөнү, туулган күнү, паспорттун номери, — БАЭдеги иш жүзүндөгү жашаган дареги, байланыш маалыматтары. 

Маалыматтарды төмөнкү байланыш номерлерине жөнөтүүнү суранабыз: 

— КРнын БАЭдегиэЭлчилиги: +971522255269; 

— КРнын Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971522918840; 

— КРнын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996999312002.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Ирандын аймагына сокку урду. Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Иран ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу жооп кайтарууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди.

Соккулардан кийин Ирандын руханий лидери Али Хаменеи каза тапты.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды.

АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Дубайда айтылуу Бурж-аль-Араб мейманканасы, Дубай эл аралык аэропорту, Бахрейнде Crowne Plaza Manama мейманканасы соккуга дуушар болду.

Сүрөттө: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты