АКШ жана Израил соккусуна каршы: Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул коюуда
- 1 неделя мурун
АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
АКШнын жана Израилдин соккуларына жооп катары Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө сокку урду. Бул тууралуу Reuters агенттиги 1-мартка караган түнү билдирди.
Маалымат боюнча, Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында жана Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.
Дубайда айтылуу Бурж-аль-Араб мейманканасы, Дубай эл аралык аэропорту, Бахрейнде Crowne Plaza Manama мейманканасы соккуга дуушар болду.
Парламент башчысы Мохаммад-Багер Галибаф Иран аймактагы америкалык жана Израилдин объекттерине чабуул жасоону уланта турганын билдирди.
Американын президенти Трамп Иранды жооп катары сокку урбоого чакырды.
“Иран болуп көрбөгөндөй сокку ураарын айтып чыкты. Алар буга барбашы керек” деди Трамп.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Ирандын аймагына сокку урду. Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Иран ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу жооп кайтарууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди.
Соккулардан кийин Ирандын руханий лидери Али Хаменеи каза тапты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды.
Хаменеи каза тапкандан кийин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин бир мүчөсү өлкөнү башкарарын мамлекеттик IRNA агенттиги өлкөнүн вице-президенти Мохаммад Мохбердин айтуусу боюнча билдирди.
Сүрөт: «Бурж-аль-Араб» мейманканасы. Сүрөт коллажы социалдык тармактардан




