ТИМ: Wildberries кампасындагы өрттүн айынан документи жоголгон КР жарандары элчиликке кайрылса болот
- 1 месяц мурун
Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигине кайрылса болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
“Дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр” деп билдирди министрлик.
Кыргыз Республикасынын жарандарына Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64 дареги боюнча жайгашкан элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылуу сунушталат.
Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Россиянын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү улантууда.
Мындан тышкары, чет өлкөдөгү мекеме Россиянын Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тактоодо.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасынан чыккан өрттө Кыргызстандын жарандарынын бар-жогу тууралуу маалыматты тактап жаткандыгын билдирди.
ЖМКнын маалыматтарына ылайык, Россиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасынан учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин өрт чыкканы маалым болгон.
Сүрөт: Электросталь шаарындагы өрт. Интернет булактарынан




