Жакынкы Чыгыш аэропортторунда калып калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды   

  • 2 недели мурун

Кыргыз Республикасынын (КР) Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда Жакынкы Чыгыш аэропортторунда калып калган Кыргыз Республикасынын жарадарынын маселеси да талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине тобокелдик зонасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу жана зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мында Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөдөгү мекемелердин базасында жарандарга чукул жардам көрсөтүү жана консультация берүү үчүн “ыкчам байланыш” телефондорунун иши үзгүлтүксүз улантылышы керек.

“Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз” деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков. 

Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн (БАЭ) Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтыкты сактоону жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктады.

Интернет булактарында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга кете албай жатканын жазышууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты