“30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек тургундары Ысык-Көлгө же башка эс алуу жайларына барып турсаңыздар”. Сураныч

  • 5 дней мурун

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов бишкектиктерден 30-31-августта жана 1-сентябрда Ысык-Көлгө же башка эс алуу жайларына барып турууну суранды.

-30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот. Өлкөбүзгө биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрымдары биринчи айымдар менен. Себеби президенттердин мамлекеттик сапарлары болмокчу. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарынан сураныч: Ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар. Болбосо шаар ичинде өзүңүздөргө эле ыңгайсыз болот.Үч күн бою жолдор тез-таз жабылып турат, -деди Алакөзов.  

Ошондой эле Бишкекке шашылуунун кереги жок экенин эскертти:

-Мектеп окуучулары жана Жогорку окуу жайлардын студенттери 15-сентябрдан окуй башташат. 1-сентябрга карата Бишкекке шашылуунун кереги жок. Ошондуктан эс алуу күндөрүңүздөрдү 15-сентябрга чейин азыртан баштап пландасаңыздар болот,-деп кайрылды президенттин басма сөз катчысы.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты