Жыл башынан бери Россия мыйзамдарын бузган Кыргызстандын 3600гө жакын жараны өлкөдөн чыгарылды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда Кыргыз Республикасынын 233 жараны, анын ичинде 48 айым кармалып турат. Жакынкы күндөрү 10го жакын мекендешти Кыргыз Республикасына жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин консулу Москва шаары боюнча Россиянын ИИМинин Сахарово шаарчасында жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборго барганда белгилүү болгонун КР Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын январь айынан бери Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Сахарово борбору аркылуу Кыргыз Республикасынын 3 598 жараны административдик жол менен чыгарылган.
Сапардын жүрүшүндө аалган борбордун жетекчилиги жана сот аткаруучулар кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Консул Россиядан административдик жол менен чыгарылууну же депортацияланууну күтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.
Мекендештерге консулдук-укуктук консультациялар жана аларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.
Москвадагы Сахарово борборунда Кыргыз Республикасынын 233 жараны, анын ичинде 48 айым кармалып турган. Жакынкы күндөрү 10го жакын мекендешти Кыргыз Республикасына жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан




