УКМК: Сапар Исаковго Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү берген унаа аныкталды  

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кымбат баалуу унаа бергени аныкталганын билдирди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта УКМК  тарабынан К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалганы айтылды. .

«Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды. Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен бирге бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон» деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында К.Асанбек (Камчы Көлбаев) тарабынан акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирди. Анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 790 000 сомду түзгөн. 

Буга чейин кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык асыл тукум жылкылары аныкталып, алынганы тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматта айтылгандай, уюшкан кылмыштуу топко байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) 500 миң доллардан ашык турган асыл тукум жылкылары аныкталып, мамлекетке алынды.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Мекеме Исаковдун өргүүсү 2020-жылы 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

2020-жылы июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча айыпталган иште 18 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү угузду.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 2020-жылы 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле Сапар Исаков менен Албек Ибраимовду бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты