Митингчилер Ак үйдү басып алышты. Алмазбек Атамбаев камактан бошотулду (Видео)

  • 4 года мурун

Митингчилер Ак үйдү басып алышты. Камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбеков бошотулду.

Борбордук аянтта Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бардык маселени мыйзамдуу жол менен чечүү тууралуу айтты.

Жанар Акаев парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган 13 партиянын мүчөлөрүнүн атынан координациялык ке-еш түзүлүшү керектигин билдирди.

Борбордук Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык митинги болгон.

Митингге “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Замандаш”, “Республика”, “Реформа”, “Социал-Демократтар”, “Мекенчил”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Чоң Казат” партияларынын лидерлери, мүчөлөрү жана тарапташтары келишкен. Милиция аларды аткылаган.

Алмазбек Атамбаевдин бошотулганын Спутник Кыргызстан агенттиги жарыялады.

Сүрөт: «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты