Саламаттык сактоо министрлигине 73 “Тез жардам” унаасы тапшырылды
- 13 часов мурун
- Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 тез жардам унаасынын ачкычын тапшыруу аземине катышты.
МинКаб башчысы өлкөнүн ички дүң продукцисы (ИДП) 10% деңгээлинде туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Эгерде 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 209,9 млрд сомду түзсө, 2026-жылы ал 700 млрд сомдон ашат.
Анын ичинде саламаттык сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы 26 млрд сомдон 2026-жылы 73,1 млрд сомго чейин көбөйдү. Ошентип, каржылоонун көлөмү дээрлик 2,8 эсеге өстү.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




