Аскер комиссариатынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Баткен Аскер комиссариатынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Баткен районунун тургуну Г.К. аскер комиссариатынын кызматкерине чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылып, анда арыз ээсинин уулун аскердик кызмат өтөөгө жараксыз экендиги жөнүндө медициналык корутунду бар экенине карабастан, аны мөөнөттүү аскердик кызматка жөнөтүү менен коркутуп, акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Аскер прокуратурасы менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Баткен райондук аскер комиссариатынын бөлүмчө башчысы У.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты