Миграциялык мыйзамды бузган чет элдик жарандар аныкталды
- 11 часов мурун
- Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен бирге 1-октябрдан 10-октябрга чейинки мезгилде миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн алдын алууга багытталган «Нелегал» аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрдү.
Бул тууралуу УКМК билдирди
Иш-чаралардын жыйынтыгында Укук бузуулар кодексинин 93-беренеси боюнча жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол, ошондой эле 431-беренеси боюнча жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомду түзгөн 1 412 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




