Психотроптук зат сатууга шектүүлөр кармалды
- 18 часов мурун
- Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргызстанга тыюу салынган психотроптук заттарды мыйзамсыз алып келүү боюнча ири каналдын уюштуруучулары кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Психотроптук заттарды камтыган таблетка сатуу учурунда жеткирүүчү , фармацевт жана ири каналдын уюштуруучусу кылмыш үстүндө кармалды.
Аталган таблетка «Лирика» («Magnus PREGALAX 300») жана эл арасында «Тропикамид» деген аталыштар менен белгилүү.
Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




