​Сапар Исаков жазадан качты. Аны издеп жатышат

  • 3 года мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Мекеме буга чейин Исаковдун өргүүсү 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

2020-жылы июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча айыпталган иште 18 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү угузду.

Жаза аткаруу кызматы мындан тышкары коррупция айыбы менен 15 жылга соттолгон Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да изделип жатканын кошумчалады.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле Сапар Исаковду менен Албек Ибраимовду бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Сүрөттө: Сапар Исаков абактан убактылуу чыкканда. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты