Үйүн курууга аскер кызматкерлерин пайдаланган. Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды

20-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик клмитети (УКМК) Аскер прокуратурасы менен бирге Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу түрдө тартуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине тартылган аскер кызматкерлеринин арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган адамдар да болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында И.А. кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты