УКМК: Көлбаевдин каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкы аныкталды

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында К.Асанбек (Камчы Көлбаев) тарабынан акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирди. Анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 790 000 сомду түзгөн. 

«Беш кашка» англис таза кандуу айгыры, баасы 44 000 000 сом.

  •  «Командор» англис таза кадуу айгыры, баасы 26 400 000 сом.
  •  «Раушан» англис таза кандуу айгыры, баасы 2 200 000 сом.
  •  «Дончак» донск-англис айгыры, баасы 300 000 сом.
  • «Кундуз» англис бээси, баасы 900 000 сом.
  • «Хан сулуу» англис бээси, баасы 900 000 сом.
  • «Острый» аталышындагы чабылган аты, баасы 140 000 сом.
  • «Рошал» аттуу англис бээси, баасы 150 000 сом.
  • «Ай-Чолпон» аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 000 сом.
  1. «Ак Бермет» аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 000 сом.
  1. «Көк-Серек» аталышындагы бээ, баасы 100 000 сом.
  1. «Көк-Жал» жарым тукум айгыры, баасы 60 000 сом.
  1.      «Бактөр» породасындагы минген аргымагы, баасы 704 000 сом.
  1. «Бай Тору» аталышындагы бээ, баасы 440 000 сом.
  1. «Эркиндик» англис  айгыры, баасы 2 700 000 сом.

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат.

Буга чейин кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык асыл тукум жылкылары аныкталып, алынганы тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматта айтылгандай, уюшкан кылмыштуу топко байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) 500 миң доллардан ашык турган асыл тукум жылкылары аныкталып, мамлекетке алынды.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты