УКМК: Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык асыл тукум жылкылары аныкталды

  • 7 месяцев мурун

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык асыл тукум жылкылары аныкталып, алынганы тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, уюшкан кылмыштуу топко байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) 500 миң доллардан ашык турган асыл тукум жылкылары аныкталып, мамлекетке алынды.

Асыл тукум жылкылары:

«Баш кашка» англис породасы -150 миң АКШ доллары;

«Командор» англис породасы — 100 миң АКШ доллары;

«Раушан» англис породасы — 100 миң АКШ доллары;

«Дончак» англис породасы — 100 миң АКШ доллары;

«Кундуз» англис породасы — 50 миң АКШ доллары;

«Байтал» англис породасы — 50 миң АКШ доллары;

«Острый» — 15 миң АКШ доллары.

Ошондой эле Р. Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К. Асанбек тарабынан алынган асыл тукум бээ — 5000 АКШ доллары.

Учурда кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоо иштери улантылып жатканы айтылды.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты