Камчы Көлбаев жок кылынды

  • 7 месяцев мурун

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитети тастыктады.

УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте «Блондер Паб» ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат:

«Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. 2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныкталып, ал жерге барган УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын атайын кызматкерлери ага эскертүү иретинде ок атышкан.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ок атышууга катышкан К.Асанбекти текшерген дарыгерлер октон алган жаратынан, ошол жерде каза болгонун тастыкташты. Бул окуяга катышкан УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок. Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет» деп айтылат УКМК маалыматында.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы Бишкекте “Учкун” имаратынын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы кабарланган.

Камчы Көлбаев 49 жашта, Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турат.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылы 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган.

23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.

Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары АКШнын мамлекеттик департаментинин “кара тизмесинде” турат. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолгон жана 2014-жылы бошонуп чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты