УКМК: Көлбаевдин болжолдуу 1 млрд долларлык мүлкү камакка алынды

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирди.

УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат:

«Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин (Камчы Көлбаев -ред.) анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгон, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт. УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки гана имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт» деп айтылат УКМК маалымында.

Ошондой эле «К.Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон. Мындан ары УКМК мындай кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, ар бир ушундай фактынын артынан улуттук коопсуздук органдары тарабынан катуу чаралар каралат. К.Асанбектин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды.

Бул К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат» деп айтылат.

УКМК мындай маалыматты бүгүн, 9-октябрда, таратты.

Жакында Бишкекте кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынды. УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте “Блондер Паб” ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

Архивдик сүрөт: Камчы Көлбаев. УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты