Темировду колдоо акциясына катышкан Атай Бейшенбек аңдууга алынганын айтты

  • 2 года мурун

23-январда Болот Темировду жана Болот Назаровду колдоо акциясына катышкан активист Атай Бейшенбек белгисиз бирөөлөр тарабынан аңдууга алынганын Фейсбук баракчасында билдирди.       

-Кечээ күнкү акциядан кийин үйгө кирип баратканда белгисиз эргулдар аркаман келип жетишпей калышты. Эмне кылгысы келген, эмнеге артыман келип эшикти жулкулдатты, түшүнүксүз.

Үйгө кирип келе жатып аркамдан шашып чуркап келе жаткандарын угуп, тез басып кирип кеттим эле. Эшикти жулкулдатып жатып жетишпей калгандарын талкуу кылып жатышканда лифт чакырып кетип калгам. Бүгүн видео байкоодон карасам бул жигиттер экен, -деп жазды ал.

Болот Темиров менен Болот Назаровду сотто активдүү колдоп турган Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбекти митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап, милиция кызматкерлери алып кетишкенин Аида Салянова билдирген.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн, 23-январда, ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдаган.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан. Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Сүрөт: Видеокамерадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты