Temirov-Live кеңсесине укук коргоочулар ит менен кирип тинтип, кызматкерлердин колун кайрышкан

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-январда, ишемби күнү кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүзүүдө. Башка басылмалардын журналисттерин ичкери киргизбей жатышат.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери жеринде билдиргендей, анда айтылган маалыматтарга караганда, Айгерим аттуу кыздын арызы боюнча Болот аттуу жаран аларды баңгизатты пайдаланууга мажбурлаган деп айтылууда. Тинтүүнүн так себеби азырынча белгисиз.

Темиров-лайфтын журналисттеринин биринин айтымында, аларды тинтүү жакында жарык көргөн журналисттик иликтөөгө байланыштуу экендиги жашыруун эмес.

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Биз билгендей, Болот Темиров жана анын командасы эч кандай баңгизатка байланышкан эмес. Бул тинтүү жана журналисттерге агрессивдүү мамиле алардын журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу болушу толук мүмкүн.

Temirov-Live кеңсесине укук коргоочулар ит менен кирип тинтип, кызматкерлердин колун кайрышкан

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты