Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда колдоо тапты
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 1-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы сунуштаган ушул мыйзам долбоорун финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев тааныштырды.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев Конституцияга ылайык менчик кол тийгис экенин жүйө келтирип, менчиктештирилген объекттер боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү маселесине токтолду.
Кубанычбек Самаков мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тартибин тактап, менчиктештирүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурду.
Депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдоорун, сунушталып жаткан ченемдер менчиктештирүү процессин иретке келтирүүгө багытталганын айтты. Ошону менен бирге эл өкүлү ак ниеттүү сатып алуучулардын укуктарын коргоонун зарылдыгына токтолду.
Депутат Талайбек Масабиров ак ниет сатып алуучулардын укуктары Жарандык кодекстин 291-беренесинде каралганын белгилеп, мыйзамдуу кепилдиктердин аткарылышын камсыздоо керектигин айтты.
Бактыбек Чойбеков Талас шаарындагы автобекетке тиешелүү жер тилкесин шаар мэриясынын балансына кайтаруу маселесин ортого салса, эл өкүлү Медина Кайрылбекова менчиктештирилген объекттер боюнча талаштуу иштердин жүрүшүнө байланышкан маселе тууралуу сөз кылды.
Депутат Улан Сариев каралып жаткан мыйзам долбоору менен 14-беренеде каралган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү усулдарынын ичинен конкурста сатуу, кийин сатып алуу укугу менен башкарууга берүү, кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү усулдарын күчүн жоготту деп таануу сунушталып жатканын билдирди:
-Сегиз усулдун ичинен беш усул гана калып жатат. Анын ичинен аукциондо сатуу жана тикелей сатуу усулдары сакталууда,- деген эл өкүлү тикелей сатууну колдонуу учурларын тактады.
Баяндамачы тикелей сатуу аукцион үч жолу өтпөй калды деп таанылган өзгөчө учурларда гана колдонуларын маалымдады.
Бурул Аманова студенттик жатаканалардын имараттарын менчиктештирүү маселесине кызыгып, студенттерди турак жай менен камсыз кылуу маселеси курч турганын жүйө келтирди. Муну менен катар депутат чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлккө ээ болуу жана кийин ал мүлктү жарандарга өткөрүп берүү тартибине кызыкты.
Баяндамачы жер мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жер тилкесине менчик укугу берилбестен, мыйзамда белгиленген тартипте жерди убактылуу пайдалануу укугу берилерин айтты.
Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Сүрөт: Мыйзамды талкуулоо учуру. kenesh.kg




