Болот Темиров: Бизди, журналисттерди, сындыра албайсыңар!

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров камактан чыгарылды. Темиров өзүнүн күч структуралары тарабынан кармалышы боюнча комментарий берди. Бул саясий оюн деп, жогору жактагылар бири-бири менен тирешип, ортодо жапа чегип калып жаткандыгын божомолдоду.

-Биринчиден, Камчыбек Ташиев иликтөө үчүн менден өч алып жатат, экинчиден, Камчыбек Ташиевге каршы тургандар.  

Мени Кыргызстанда бардыгынан коркунучтуу кылмышкер катары кармашты.  Күбө катары кармалдым, кармоодо укугумду сакташкан жок.

Мен өзүм үчүн эмес, кесиптештерим үчүн корком, аларды да ушинтет деп корком. Аларды да кармап, коркутушу мүмкүн, бул бийликтин деградациясы болуп эсептелет.

Менин артымдан аңдуу бул бийликтин бизден корккондугу, бардык журналисттерден корккондугу болууда, анткени Кыргызстанда журналисттер өсүп жатат.  

Болот Назаров экөөбүздүн кылмыш ишти экиге бөлдү. Болот  Назаровго эки берене менен, баңгизат колдонуу, сактоо боюнча, мага бир берене менен кылмыш ишин ачты, баңгизатты сактоо боюнча. Бул беренелер менен беш жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот. Назаровдун кылмыш жоопкерчилиги 10 жылга чейин.

Кечээ кесиптештеримдин колдоосуна чексиз ыраазы болдум,-деди Болот Темиров журналисттерге.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты