Салянова: Темиров менен Назаровду сотто колдогон экөөнү сабап, милицияга алып кетишти

  • 2 года мурун

Экс-башкы прокурор Аида Салянова Болот Темиров менен Болот Назаровду сотто колдоп турган Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркуловду уруп-сабап, милиция бөлүмүнө алып кетишкенин, алардын тез арада чыгарылышын талап кылды. Бул тууралуу экс-башкы прокурор Фейсбук баракчасына жазды.    

-Болот Темиров менен Болот Назаровду сотто Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап, милиция кызматкерлери Фучиктеги бөлүмүнө алып кетишиптир.

Муну кандай түшүнсөк болот? Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн,-деди Салянова.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн, 23-январда, ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдаган.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан.

Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты