Болот Назаров үй камагына чыгарылды  

  • 2 года мурун

Төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө кепилдиги менен үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен митинг катышуучуларына билдиришти.

Болот Назаров да каршылык акциясына чогулгандар алдына чыгып, колдоп келгендерге ыраазылыгын билдирди   

-Акыйкаттыктын ак туусу эч качан жыгылбасын. Колдоп келген бардык адамдарга, журналисттерге ыраазылыгымды билдирем. Биз — коомдо тең салмактуулукту сактай турган төртүнчү бийликпиз. Ар бирибизге өйдө-ылдый маселелер болот, анын баарына чыдайлы, бири-бирибизди колдойлу. Акыйкаттын ак туусун кулатпай, Кыргызстаныбызды өнүгүү жолуна баштап кетебиз, -деди Болот Назаров.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдаган.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты