Болот Темировду террористтерге окшотуп кармап кетишти

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишти. Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти.

Иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун айтымында, иликтөөчү журналисттердин компьютерлеринде иликтенген жана иликтенип жаткан материалдар болушу мүмкүн.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, Темиров- лайф жакын арада дагы бир иликтөө жарыяламакчы болуп жаткан. Ошонун алдында кайсы бир адам октябрь айында баңгизат менен байланышкан окуя тууралуу маалымат айткан. Болот Темировду кандайдыр баңгизатка байланыштырып ички иштер органына кармап кетишти.

Бүгүн, 22-январда, ишемби күнү кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү. Башка басылмалардын журналисттерин ичкери киргизбей жатышты.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери жеринде билдиришкендей, анда айтылган маалыматтарга караганда, Айгерим аттуу кыздын арызы боюнча Болот аттуу жаран аларды баңгизатты пайдаланууга мажбурлаган деп айтылууда. Тинтүүнүн так себеби азырынча белгисиз.

Темиров-лайфтын журналисттеринин биринин айтымында, аларды тинтүү жакында жарык көргөн журналисттик иликтөөгө байланыштуу экендиги жашыруун эмес.

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты