Болот Темировду колдоо митинги өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо митинги өтүп жатат.

Митингдин катышуучулары, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпы эле коомчулук Болот Темировду ИИМдин кармоосун чектен ашуу деп аташты.    

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишти. Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . Ошондой эле компьютерлерин алып кетишти.

Болот Темиров бул боюнча мындай деди:

-Эң негизгиси биз Камчыбек Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык. Алар иликтөөнүн качан чыгарына кызыгып келишкен. Буга чейин материалдын чыгышына ар тараптан тоскоолдук жасашты коркутушту, паролдорду бузууга, маалыматтарды алууга аракеттеништи. Кантсе да биз иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык.  

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Болот Темировду колдоо митинги өтүп жатат

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты