Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы эл аралык Клуни фондунун «The Albies» сыйлыгын алды

Иликтөөчү журналисттер Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы эл аралык Клуни фондунун «The Albies сыйлыгына татыктуу болду.

Бул тууралуу Болот Темиров социалдык тармакта билдирди.

Болот Темиров иликтөөчү журналист, Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Чечим кабыл алынгандан кийин «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Болот Темиров Орусияга депортацияланган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

25-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызына Лондон шаарына Клуни фондунун The Albies сыйлыгын алууга барууга уруксат берүү өтүнүчүн четке какты.

2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.

Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарды.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.  

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча 30-сентябрга белгиленген соттук отуруму 6-октябрга жылдырылды.

Сүрөт: Болот Темировдун баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты