Болот Темиров The Albies сыйлыгын алуу аземине барды

Иликтөөчү журналисттер Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы эл аралык Clooney Foundation for Justice фондунун «The Albies» сыйлыгын алды. Эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземине иликтөөчү журналист Болот Темиров барды. Ал эми Махабат Тажибек кызына сыйлык тапшыруу аземине барууга сот уруксат берген эмес.

«Журналист үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги мындай сый-урматка татыктуу болуу — жөн гана сыйлык эмес. Бул — эмгегиңдин, чындыкты айтууга болгон аракетиңдин жана кесибиңе берилгендигиңдин бааланганы. Мындай учурда сыймыктануу менен бирге чоң жоопкерчиликти да сезет экенсиң. Ушул жолдо бизди колдоп, ишенип, дем-күч берип келген ар бириңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Силердин колдооңор биз үчүн абдан маанилүү! Амаль жана Джордж Клуниге эмгегибизди, басып өткөн жолубузду баалап, биздин үнүбүздү дүйнөгө жеткирүүгө салым кошкону үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем» деп жазды Болот Темиров Фейсбук баракчасына.

Болот Темиров иликтөөчү журналист, Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

25-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызына Лондон шаарына Клуни фондунун The Albies сыйлыгын алууга барууга уруксат берүү өтүнүчүн четке какты.

2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.

Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмүн жокко чыгарды.

 2026-жылдын 23-февралында эч жакка кетпөө тилкаты менен Махабат Тажибек кызы камактан бошотулду.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сүрөт: Болот Темировдун баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты