Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр дароо үч окууда колдоо тапты

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 22-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, дароо үч окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мыйзам долбоорунун максаты жана милдети мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу болуп саналарын белгиледи.

Алсак, мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан ченемдер мамлекеттик сатып алуулар процесстерин оптималдаштырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталып, сатып алууларды аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу менен жүзөгө ашыруу сунушталат.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттин маанилүү жана стратегиялык милдеттерин аткаруунун алкагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамлекеттик тапшырма түшүнүгү да киргизилүүдө.

Депутат Дастан Бекешев субподрядчыларды аныктоо тармагындагы маселелерге көңүл буруп, аларды тандоодо, ошондой эле мамлекеттик ишканалар менен жеке менчик компаниялардын өз ара кызматташтыгынан келип чыгуучу коррупциялык тобокелдиктерге тынчсыздануусун билдирди.

Бекешев мамлекеттик сатып алуулардын ордуна мамлекеттик тапшырма киргизилип жатканын билдирди.

Бекешев социалдык тармактарга жазгандай, мамлекеттик тапшырманы ким аткарат? Аны мамлекеттик үлүшү бар юридикалык тараптар аткарат. Алган акчанын 50 пайызын субподрядчыга берүүгө болот.

Мамлекеттик тапшырма аркылуу маданият, туризм, тарыхый-маданий мурастар, билим берүү, илим, саламаттык сактоо, курулуш, ремонт, жолдор, президенттин, төрага, Министрлер Кабинетинин, тышкы делегацияларына байланыштуу иш-чараларды тейлөө кирет.   

Депутат Кундузбек Сулайманов сунушталган ченемдерди колдоп, мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга багытталганын белгиледи.

Депутат Илимбек Кубанычбек бул иште тобокелдиктер бар экенин билдирди.

Депутат Медербек Алиев мыйзам долбоору менен сунушталган ченемдер заманбап талаптарга жооп берерин айтып, тендер өткөрүүдө сатып алуучу уюм эң төмөн баага көңүл бурарын, мындай шартта сатылып алынган товардын, жумуштун жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн болуп келгенин кошумчалады. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты