Таалай Дүйшөнбиев 3-августка чейин камакта калды

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-августка чейин камакта калды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 28-июнда чыгарды.

Аталган телеканалдын учредители, саясатчы Равшан Жээнбеков соттун мындай чечиминен кийин Таалай Дүйшөнбиев күнөөсүз 5 айдан бери кармалып жатканын билдирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылды:

-Таалай түрмөдө (5айдан бери) Камчы (Ташиев-ред.) башка көптөгөн саясатчылардай мени сындыра албаганы үчүн отурат.

Камчы, сен УКМК жана бийликти өз кызыкчылыгың үчүн пайдаланып жатасың. Менин оозумда сөзүм жана сасий позициям гана бар, башка эч нерсем жок. Бийлик ресурсу жана УКМКсыз сен эч ким эмессиң, Камчы, -деп билдирди Фейсбук баракчасы аркылуу.    

24-мартта Бишкек шаардык соту Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин ишин карап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарган.  Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшөнбиевди 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев 48 саатка камакка алынган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Медиа Полиси Институту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөө абагына камоо чечими КР Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат деп билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өз билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.   

Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди куугунтуктоо уланып жаткандыгы боюнча билдирүү таратты. Анда 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиедин камалышы, ага чейин Temirov Life, Kaktus Media медиаларынын кысымга кабылганы айтылып, кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырышты.

5-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Next TV каналын колдоо митинги өттү.

Каналдын учредители Равшан Жээнбеков бул басымдын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан болуп жатканын белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карады. Судья Айнура Сатарова Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты