Сот Next TV каналын жабуу өтүнүчүн канааттандырган жок

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карады.

Судья Айнура Сатарова Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты.

Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Башкы прокуратура маалыматты экстремисттик деп табуу, каналдын ишин токтотуу тууралуу өтүнүч менен сотко 22-мартта кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты