Кыргызстанда ЖМК жана журналисттерди куугунтуктоо уланууда. Билдирүү

Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди куугунтуктоо уланып жаткандыгы боюнча билдирүү таратты.

Анда 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиедин камалышы, ага чейин Temirov Life, Kaktus Media медиаларынын кысымга кабылганы айтылып, кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырышты.

Билдирүүдө айтылгандай, 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна камалды. Next TV көз карандысыз телеканалынын иши токтотулду.

УКМК Next TV телеканалынын директоруна Фейсбуктагы жана Телеграмдагы цитата үчүн кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган «Расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көз карандысыз телеканалдын болгон күнөөсү – анын аккаунтунда журналисттер мурдагы казак аткаминеринин Украинадагы аскердик операцияларга байланыштуу окуялар боюнча билдирүүсүн келтиришкен. Кыргыз Республикасынын атайын кызматтары экспертизанын корутундусуна таянып, тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат.

Next TV телеканалынын редакциясына мөөр басып жабылып, жабдыктары конфискацияланып, журналисттердин иши мажбурлоо менен токтотулган.

“Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз. Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты” деп айтылат билдирүүдө.

-Медиа коомчулук, жарандык коом, Кыргызстандын жарандары мындай аракеттерге жол берилбестигин билдиришүүдө. Алар бийликти тоталитардык режимдердин баш көтөртпөй жазалоочу тажрыйбасын, эркин басма сөзгө жана айрым журналисттерге карата коркутуу жана кысым көрсөтүү максатында колдонбоого чакырышат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы, бир катар мыйзамдар, анын ичинде “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жана “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамдар менен кепилденген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты